“ЭлКатты” буйтап өтүү схемасы менен өз кызыкчылыктары үчүн иштетип келишкен - Эркин Абдразаков

Коом Загрузка... 22 Март 2025 15:32
WhatsApp Image 2025-03-22 at 14.51.32.jpeg
copyright icon Эркин Абдразаковдун өздүк архивинен

Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Алексей Ширшов, Максим Бакиев баштаган адамдар аз суммадагы каражатты элге айлык катары берип, мамлекетке анча-мынча салык төлөп коюп, мамлекет үчүн эмес көбүнчө буйтап өтүү схемасы менен өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн “ЭлКат” компаниясын абдан жакшы иштетип келишкен. Бул тууралуу пикирин “Кабар” маалымат агенттигине экономист Эркин Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, качып жүргөн "азаматтарды" камабасак да алар менчиктеп алган мүлктү элдин кызматына коюп, иштете турган болсок, бул эки тараптан утуш болот.

"ЭлКат" өлкөдөгү алгачкы провайдер компаниялардын бири. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарында элдин бул багытта маалыматы, тажрыйбасы жок кезде башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянып Алексей Ширшов, Максим Бакиевдер провайдерлик компанияны өздөрүнө өткөрүп алган. Эми азыр мамлекетке кайтаруу саясаты туура, булар жеке кызыкчылыктан кетиш керек. Алсак 6 млрд деген өтө чоң сумма. Жок дегенде анын 2 млрд сому Социалдык фонд менен мамлекеттик бюджетке түшө турган болсо, биздин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңейет.

Экинчиден, мамлекет өзү көзөмөлдөсө, алдамчылардан алысыраак болот. Анткени, айрым шылуундар башка эл аралык уюмдар менен байланышып, туура эмес иштерди жасап жатышкандыгы маалым. Интернет айдыңында киберкоопсуздук деген өтө кооптуу маселе бар. Ошондуктан мамлекет өзүнүн көзөмөлүнө алып, бирдиктүү мамлекеттик саясатты колдой турган жагына ыктап жатканы мени кубандырат. Ошондой эле мамлекеттин көзөмөлүндө капчыгыбызга көптөгөн акчалар келип түшүп, элдин жон терисинен пайда көрүүлөргө жол берилбейт деп ойлойм.

Качып жүргөн “азаматтарды” камабасак да алар менчиктеп алган мүлктү элдин кызматына коюп, иштете турган болсок, бул эки тараптан утуш болот. Биринчиден капчыгыбызга, экинчиден мамлекет өзү көзөмөлдөп коопсуздук маселесин камсыз кылганга чоң жардам берет деген ишенич бар, бул туура саясат”, - деди экономист.

Ошондой эле Эркин Абдразаков мамлекеттен буйтап өтүп, өз кызыкчылыгын көздөгөн ишкана-мекемелерди тыкыр көзөмөлдөп, бирден инвентаризация кылуу зарылдыгын белгиледи.

“Чет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштегендердин барын жаап, кайра мамлекет өзүнө алыш керек. Жеке менчикке болгон биздин укугубуз деген шылтоо бар бирок, бул мыйзамдарга да өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы келип жетти. Демократия дегенибиз менен мамлекетте тартип болуш керек. Бирдиктүү мамлекеттик саясат болмоюн, бизде ар кандай демократияга жамынып өз кызыкчылыгын мамлекеттен бийик койгон ишкана-мекемелердин саны көбөйүшү мүмкүн”,- деди ал.

Эске салсак, кечээ президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон наркы 6 млрд сомдук “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөндүгү тууралуу маалыматты социалдык тармактагы баракчасына жазган.