Бишкек, 15.03.25./Кабар/. Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режимде жеткиликтүү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эми министрликтин – rb.gov.kg. расмий сайтында электрондук балык уулоо билетин (EFT) толугу менен онлайн алса болот.
Бул кызмат Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты - балык уулоо билетин алуу процессин бардык жарандар үчүн ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү кылуу.
Электрондук балык уулоо билетин кантип алуу керек?
1. rb.gov.kg. сайтына өтүңүз.
2. Жарандыгыңызды тандаңыз.
3. Толук аты-жөнүңүздү киргизиңиз.
4. Электрондук почта дарегиңизди киргизиңиз (ага билеттин QR коду жөнөтүлөт).
5. Балык уулоо жолунун түрүн тандаңыз - наркы автоматтык түрдө эсептелет.
6. Аймакты, көлмөнү көрсөтүңүз жана билеттин башталышын күнүн тандаңыз.
7. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду бериңиз.
8. «Тариздөө» баскычын басыңыз.
Билетке кантип төлөө керек?
Катталгандан кийин QR коду сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт. Аны Кыргыз Республикасындагы каалаган банктык тиркеме же мобилдик капчык аркылуу төлөө үчүн колдоно аласыз.
Билет кантип текшерилет?
Балык уулап жатканда егерь (мергенчи) билетиңизди текшериши мүмкүн. Бул үчүн сиз QR кодун беришиңиз керек, ал төмөнкүлөрдү текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет:
- Билеттин жарактуулугун текшерүү;
- Анын жарактуу мөөнөтүн тактоо;
- Уруксат берилген балык түрлөрүн көрүү;
- Системага балык кармоо маалыматтарын кошуу.
Эми балык уулоо абдан ыңгайлуу болуп калды – билетти онлайн чыгарып, эрежелерди сактаңыз жана сүйүктүү хоббиңизден ырахат алыңыз!