Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Президенттин “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында министрлер кабинети токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн балык уулоо учурларын кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого балык уулоочулук документтерди берүүнү үч жылдык мөөнөткө убактылуу токтотот:
– балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган пландык иштерди;
– ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону;
– балыктардын аборигендик өнөр жайлык эмес түрлөрүнүн санын жөнгө салуу боюнча ар жылдык мелиоративдик иштерди;
– илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторингди.
Ал эми, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
– мораторий колдонулган мезгилде Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык запастарын көбөйтүү жана балыктандыруу максатында ысык-көл форелин, сига-лудоганы жана карп-сазанды жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзөт;
– жыл сайын Соң-Көлдө балыктардын аборигендик түрлөрүнүн ашыкча санын жөнгө салуу боюнча мелиоративдик иштерди жүргүзөт;
– жыл сайын 30-декабрга чейинки мөөнөттө ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты президенттин администрациясына берет.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Толук маалымат көрсөтүлгөн шилтемеде.