Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасында системалуу түрдө пара талап кылуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, айрым кызматкерлер жарандардан улуттук электр тармактарына мыйзамсыз (эсептегичти айланып өтүү менен) кошулуп алуусу үчүн туруктуу түрдө акча алып келишкен.
"Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренесинин алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде, 6-июлда Панфилов РЭТинин башчысы 1993-жылы туулган Т.у.У. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка аткаминерлерди жана иштин чоо-жайын толук аныктоо боюнча тергөө иштери кызуу улантылууда.