Энергоэффективдүүлүк: Мамлекеттик мекемелер 18:00дөн 06:00гө чейин жарыкты үнөмдөйт

Министрлер кабинети Загрузка... 06 Ноябрь 2025 14:45
fb_img_1714877910380.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө. Бул чаралардын алкагында административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон процесстерге таасир этпейт, ошондой эле стратегиялык объектилерге жана күнү-түнү иштеген, коргоону, коопсуздукту, саламаттыкты сактоону, социалдык коргоону жана калктын жашоосун камсыз кылган уюмдарга жайылтылбайт.

Бул чараларды ишке ашыруу энергетикалык натыйжалуулукту кыйла жогорулатып, ай сайын болжол менен 40 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук өсүштү көрсөтүп, дээрлик 1 млрд киловатт-саатка көбөйдү. Бул, анын ичинде, жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилишине, ошондой эле турак жай курулушунун көлөмүнүн кеңейишине байланыштуу.

Ошол эле учурда, учурдагы вегетация мезгилинин өзгөчөлүктөрү Нарын дарыясына суунун агып келишинин төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн 2 млрд куб метрге аз. Мындай абал суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу башкарууга активдүү мамилени талап кылат.

Министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети – Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу жана энергетикалык жабдууларга жүктөмдү оптималдаштыруу, бул бүткүл энергетикалык системанын ишенимдүү иштеши үчүн өтө маанилүү.