Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Аттокуров Элдар Эртабылдыевич Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигиниен билдиришти.
Ал министрликтин буйругуна ылайык, үч айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишимдин негизинде дайындалды.
Аталган буйрук менен эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Элдар Эртабылдыевич 1977-жылдын 21-июнунда Талас облусунун Талас районунда төрөлгөн.
Билими:
- 2002-жылы Бишкек гуманитардык университетинин "Библиография жана китепкана иши" адистигин Артыкчылык диплому менен бүтүргөн;
- 2007-жылы Бишкек гуманитардык университетинин "Финансы жана кредит"» адиси;
- 2009-жылы "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинин магистры (Түрколог);
- 2011-жылы Бишкек гуманитардык университетинин аспиранты (Философия);
- 2022-жылы КР ТИМге караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын магистры (Эл аралык долбоорлорду башкаруу) аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2021-2022-жылдары КР арезидентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- 2020-2021- жылдары КР өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары – Уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- 2012-2019-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
- 2011-2012-жылдары КР өкмөтүнүн Маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
- 2009-2011-жылдары К.Карасаев атындагы БГУнун “Библиотека иши жана библиография” кафедрасынын ага окутуучусу;
- 2003-2011-жылдары "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Китепкана жана иш-кагаздары башкармалыгы.