Элчибек Жантаев ээлеген кызматынан бошотулуп, башка ишке дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор
Элчибек Жантаев ээлеген кызматынан бошотулуп, башка ишке дайындалды

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.