Элчи жана өкүл болуу үчүн дипломатиялык тармакта 10 жылдык стаж талап кылынат

Президент Загрузка... 03 Июнь 2026 21:30
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын  22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Ушул мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн анын чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамдын жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, атап айтканда КР Конституциясына, “КР министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында багытталган. 

Мыйзамда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган: 

– консулдук устав өлкө башчысы тарабынан бекитилет;

– мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү тартиби мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат;

– дипломатиялык кызмат органдарынын негизги функцияларын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын президентине киргизүү тууралуу жоболор менен толуктоо;

– Кыргыз Республикасынын башкы консулдары өлкө башчысы менен макулдашуу боюнча Тышкы иштер министринин чечими менен дайындалат;

– дипломатиялык рангынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү;

– дипломатиялык кызматтын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, жазык жана башка жоопкерчиликтерди белгилөө;

– Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси институтун киргизүү. Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин ишин уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын президентинин өзүнчө чечими менен аныкталат;

– Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарына Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча дипломатиялык кызмат органдарында, президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. 

Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук же экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо үчүн президентке сунуштама киргизет.