Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Эльбрус тоосунда бир сутканын ичинде алты альпинист каза тапты. Алардын бешөө Босния жана Герцеговинадан келген туристтер болуп, жети адамдан турган топ чокуга чыгууга аракет кылышкан. Дагы бир каза болгон адам башка топтун курамындагы Россиянын жараны экендигин ТАСС маалымдады.
Бул окуялар боюнча тергөө иштери башталды.
Чет өлкөлүк альпинисттер катышкан трагедия Кабардин-Балкар Республикасындагы Эльбрус чокусуна чыгуу учурунда болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 7 босниялык жана герцеговиналык жарандар 24-июлда чокуга көтөрүлө баштаган. Эртеси күнү кечинде аба ырайы кескин бузулуп, альпинисттер өз багытынан адашып кетишкен.
Топтун бир мүчөсү өз алдынча тоодон түшүп, куткаруучуларга эки шериги деңиз деңгээлинен болжол менен 5100 метр бийиктикте өздөрүн жаман сезип, каза болгонун билдирген. Андан кийинки издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дагы бир тирүү калган адамды жана дагы үч адамдын сөөгүн табышкан. Натыйжада бул топтогу каза болгондордун саны бешөө.
ӨКМдин маалыматына ылайык, куткаруучулар эки адамдын сөөгүн Азау полянасына жеткиришкен. Бирок катуу бороон жана шамалдын айынан калган сөөктөрдү түшүрүү аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылган.
Ошол эле күнү Эльбруста дагы бир кырсык катталган. Ставрополь крайы менен Тула облусунан келген эки альпинисттен турган топ болжол менен 5300 метр бийиктикте, Red Fox баш калкалоочу жайынын жанынан жардам сураган. Окуя болгон жерге жеткен куткаруучулар бир альпинисттин каза болгонун аныктап, экинчи катышуучуну аман-эсен эвакуациялашкан.
Кабардин-Балкар Республикасы боюнча Тергөө башкармалыгы эки же андан көп адамдын өлүмүнө этиятсыздык менен себепкер болуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда бул трагедиялардын бардык жагдайлары иликтенип жатат.