Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында президенттин администрациясында "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү.
Белгилей кетсек, "Эл үмүтү" президенттин эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максатты көздөгөн жаштарын колдоо жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринин алдыңкы 100 орунуна кирген алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында негизделген.