Эл өкүлү Баткен облусунун бир катар аймактарын кыдырууда

Аймак 1584 22 Февраль 2025 12:44
480905147_948533214126568_7131348164934434728_n.jpg
480568448_948533160793240_2521255204337091945_n.jpg
480576245_948533094126580_830312691984235186_n.jpg
480563493_948533044126585_5648426133423793122_n.jpg
Алдыга
Артка
480905147_948533214126568_7131348164934434728_n.jpg
480568448_948533160793240_2521255204337091945_n.jpg
480576245_948533094126580_830312691984235186_n.jpg
480563493_948533044126585_5648426133423793122_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Баткен облусунун бир катар аймактарын кыдырууда.

Парламенттен билдиришкендей, Раззаков шаарында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук консультативдик кеңештери социалдык биримдик үчүн” аттуу коомдук диалог аянтчасы болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек районунун жарандык коомунун (жаштар, карылар, аялдар) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон кызматташуусун, диалогун күчөтүү максатында уюштурулган.

Белгиленгендей, иш-чарада мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жарандык коом көптөгөн социалдык, экономикалык, айыл-чарба, билим берүү, саламаттык сактоо көйгөйлөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, депутат Раззаков шаарындагы Самат айылынын Самат орто мектебине барып, мугалимдер менен жолугушуп, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 3 компьютер тапшырды. Ошондой эле, Тайлан айылындагы Тайлан орто мектебине да төраганын фондунан интерактивдүү доска белекке берди .

"Депутаттын иш-сапары андан ары Сүлүктү шаарында уланып, мугалимдер жана студенттер менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү тармагында ар кандай маселелер талкууланды",-деп айтылат маалыматта.