Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандан Францияга экстрадицияланды

Укук тартиби Загрузка... 28 Май 2026 18:00
708194644_1310392471279802_1759588850247411604_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандан Францияга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн адам кылмыштуу топтун курамында аракеттенүү менен чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагынын айрым мамлекеттерине мыйзамсыз кирүүсүнө жана жүрүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө.

“Экстрадиция Башкы прокуратура жана Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун өз ара координацияланган ишинин натыйжасында ишке ашты”,– деп айтылат маалыматта.