Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Эл аралык байкоочулар мындай ачык-айкын шайлоону биз биринчи жолу көрүп жатабыз деп ыраазычылыгын билдиришти. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.
“Саат 20:00дөн шайлоо бүттү. 21:00дөн баштап автоматтык системадан маалыматтар келе баштады. Өзүңүздөр көргөндөй, түз эфир аркылуу кайсы округдан, кайсы депутат канча добуш алганын көрсөтүп бердик.
Алдыда дагы жумушубуз көп. Эртең БШКнын имаратында маалымат жыйын өтөт. Эшигибиз ачык. Жабык маселе жок. Келип, суроолоруңуздарга жооп алып кетиңиздер”,-деп ЖМК өкүлдөрүнө кайрылды ал.