Экспорт-импортту тездетүү: Жаңы лабораториялар курулушу мүмкүн

Загрузка... 10 Июнь 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-06-10 at 14.22.36 (1).jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өнүмдөрүнүн коопсуздугун текшерүүчү заманбап лабораториялар курулушу мүмкүн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул маселе Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров менен Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык округунун губернаторунун орун басары Вэнь Гуанхуа баштаган делегациянын жолугушуусунда талкууланды.

Кытайдан келген ири илимпоздор жана аткаминерлер менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты өлкөдө фитосанитардык жана токсикологиялык заманбап лабораторияларды биргелешип куруу болуп саналат.

Жолугушууда тараптар лабораторияларды куруу менен бирге, айыл чарбасын биоинженериялоо жана заманбап технологияларды киргизүү багытында тажрыйба алмашууну макулдашты.

Мындай лабораториялардын курулушу Кыргызстан менен Кытай ортосундагы жашылча-жемиш жана башка айыл чарба өнүмдөрүнүн соодасын коопсуз, сапаттуу жана тоскоолдуксуз жүргүзүүгө чоң өбөлгө түзөт.