Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде жылытуу мезгилинин өтүшү жана Токтогул суу сактагычындагы абал тууралуу айтып берди. Белгилүү болгондой, учурда суунун деңгээли өткөн жылдарга салыштырмалуу бир аз төмөн болууда. Адис кырдаалды талдап, энергетика секторундагы абалды оңдой турган долбоорлорго токтолду.

— Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйылкы жылдын январь айында 2025-жылга караганда аз болуп жатканы канчалык кооптуу? Бул кандай тобокелдиктерди жаратат?
— Жылытуу мезгилинин башында, тагыраагы 2025-жылдын 1-октябрында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 млрд куб метрге аз болчу. Бирок, кыштын биринчи жарымы жылуу болгондуктан, бул айырма 1,6 млрд кубга гана кыскарды. Демек, 15-январга чейин аба ырайынын жылуулугунан улам өткөн жылга караганда суу 200 млн куб аз иштетилди.
Эгер ушундай нукта улана берсе, 1-апрелге чейин, башкача айтканда, жылытуу мезгили аяктаганга чейин кыштан эч кандай көйгөйсүз чыгышыбыз керек. Атүгүл аба ырайы кескин сууп кеткен күндө да, январь айынын жарымы, февраль жана март айларында бизде болжол менен 6,8 – 6,5 млрд куб суу калышы керек. Эскерте кетсем, паспорт боюнча 5,5 млрд куб суу "өлүк деңгээл" деп эсептелет. Биз мындай критикалык чекке жетпейбиз. Балким, үнөмдөөгө туура келип, кошумча чектөөлөр киргизилиши мүмкүн, бирок бул аварияларга же өзгөчө кырдаалдарга кабылганга караганда алда канча жакшы.
— Өнөктөштөрүбүздүн жана кошуналарыбыздын колдоосуна ишенсек болобу? Мисалы, электр энергиясын импорттоону көбөйтүү аркылуу? Деги эле Токтогул суу сактагычындагы суунун критикалык деңгээлге чейин түшүшү канчалык кооптуу?
— Биздин энергетиктер кошуна өлкөлөр — Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан эки тараптуу келишимдердин негизинде бере ала турган көлөмдү максималдуу түрдө колдонуп жатышат. Түйүндөр максималдуу иштеп жатат, андыктан биз трансформаторлорду, подстанцияларды жана аба чубалгыларын абайлашыбыз керек. Ошондуктан, бүтүндөй тутумдун туруктуулугун сактоо үчүн үнөмдөө чаралары көбүнчө акталат. Мындан тышкары, Токтогул суу сактагычы 50 жылдан ашуун убакыт мурун ишке берилгенин эскертким келет. Бул убакыт ичинде анын түбүн ылай басып калган, суунун деңгээли төмөн болгондо биздин негизги ГЭСтин агрегаттары көбүрөөк эскирип, бузулууга дуушар болот. Ошондуктан, муктаждык жаралса бүтүндөй өлкө суунун көлөмүн сактоого аракет кылышыбыз керек.
— Суу аз келген мезгил созулуп жатканын билебиз. Демек, бир нече жыл бою жаан-чачын аз болуп, тоолордон келген суу азайып, гидроэнергетикалык потенциал төмөндөшү мүмкүн. Энергетиканы жана экономикалык өнүгүү темпин эмненин эсебинен кармап кала алабыз?
— Кара-Кече жылуулук борборунун курулушу башталды. Республиканын азыркы жетекчилиги мурунку колдон чыгарылган убакыттын ордун толтурууга аракет кылууда. Эгерде буга мурунку жетекчилер олуттуу көңүл бурганда, ЖЭБ эбак эле иштеп, Токтогулда суу толуп, чектөөлөр болмок эмес. Атүгүл бизде 4-5 млрд киловатт-сааттык кошумча резерв болмок. Ооба, убакыт текке кетти. Бирок, бул каталарды оңдоо керек.
Менимче, модага айланган "жашыл күн тартибине" ашыкча берилбей, салттуу көмүр электр станцияларын куруу зарыл. Мындай долбоорлор тез ишке ашат жана эң негизгиси, ЖЭБдер аба ырайынан көз каранды эмес. Кара-Кечедеги станция кышкы мезгилде зарыл болгон кубаттуулукту берет. Учурда бул биз үчүн эң оптималдуу чечим. Мамлекет Кара-Кечеден көмүрдү өзү казып алып, станцияга жеткире алат. Ошондо биз өзүнө турган наркы кыйла арзан энергияны көбүрөөк иштеп чыга алабыз.
ЖЭБдин артыкчылыгы — алар тез курулат жана салыштырмалуу арзан түшөт. Бул биз үчүн чыгуучу жол, бирок тездетишибиз керек. Биз энергетикалык жана экономикалык өнүгүүнүн өздүк моделине өтө алабыз.