Экономикалык өсүштү сактоо үчүн бюрократиядан арылуу башкы багыт болду – Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Декабрь 2025 23:12
WhatsApp Image 2025-12-18 at 20.11.53 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Экономикалык өсүштү сактоо үчүн бюрократиядан арылуу негизги багыт катары аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди.

Маек учурунда ал өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, өкмөт тарабынан аткарылган негизги иштерге токтолду.

Анын айтымында, былтыр өлкө башчысы бир катар маанилүү тапшырмаларды койгон. Алар - акыркы үч жылда ички дүң продукциянын өсүү темпи 9 пайыздан кем болбогондуктан, бул көрсөткүчтү сактап калуу, инвестицияларды тартуу жана эң башкысы калктын жашоо-турмушун жакшыртуу болгон.

“Кызматымды негизинен ушул багыттарга арнадым. Алардын негизгилерине токтоло кетсем, 2021–2026-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа бар эле. Биз 2026-жылга коюлган милдеттерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга жетиштик. Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки өнүгүү программасы иштелип чыгып, президенттин жарлыгы менен бекитилди.

Жыл өткөн сайын экономиканын өсүү темпин сактоо татаалдашып жаткандыктан, бюрократияны кыскартуу маселеси алдыга коюлуп, иш үч негизги багытта жүргүзүлдү. Биринчиден, өлкөдөгү бардык ченемдик-укуктук актылар кайрадан каралып чыкты. Экинчиден, бири-бирин кайталаган функциялар бар болгондуктан, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары оптималдаштырылды. Үчүнчүдөн, реформаларды ишенимдүү жасай алышы үчүн жогорку деңгээлде турган жетекчилерди коргой турган ченемдик-укуктук актыларды да карап чыктык.

Бул иштердин алкагында ведомстволор аралык комиссия беш жолу жыйын өткөрүп, 39 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 19 мыйзам долбоору даярдалды. Калгандары жакынкы күндөрү каралат”,-деди Касымалиев.