Кыргызстандын экономикасы бир нече жыл катары менен өнүгүүнүн ишенимдүү темптерин көрсөтүп келүүдө. 2025-жылдын башында рекорддук өсүш темпи 13%дан ашкан. Мындай динамиканын негизги кыймылдаткычтары болуп курулуш секторунун жана ички сооданын активдүү өнүгүшү саналат. Эл аралык финансы институттары дагы бул өсүш динамикасын белгилешет.
ИДП өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү катары республикада өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүп жаткандыгын айгинелейт. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдө 102 өнөр жай объектиси ишке берилип, 585 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, 8 миң жумушчу орун түзүлгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылы план дагы жогору көтөрүлдү.
Министрлер кабинети 15 миң адамды иш менен камсыз кыла турган 128 фабрика-заводдорду ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул долбоорлорго инвестициянын жалпы көлөмү 1,7 миллиард долларды түзөт. Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу реалдуу секторго салынган инвестициядан эки эсе көп.
Энергетика экономиканын кыймылдаткычы катары өлкө жетекчилигинин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өсүп жаткан суроо-талаптын шартында электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу үчүн Кыргызстандын бардык аймагында кичи ГЭСтердин курулушу башталды. Ондогон ГЭСтер ишке берилип, учурда курулуп жаткандардын айрымдары быйыл ишке берилет. Камбар-Ата-1 ири долбоору алдыга жылууда. Кыргызстан өз күчү менен даярдык иштерин баштады, бирок техникалык-экономикалык негиздеме жаңылангандан кийин станциянын курулушуна коңшуларыбыз Казакстан менен Өзбекстан да кошулат. Бул эл аралык консорциум буга чейин ири каржы институттарынын колдоосуна дагы ээ болгон.
Камбар-Ата 1 ГЭСи Кыргызстанды жана бүтүндөй регионду көп жылдар бою туруктуу өнүктүрүү үчүн жетиштүү электрэнергия менен камсыз кыла ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Электрэнергия өнөр жайдын потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Ошол эле учурда Кыргызстан кадам сайын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого умтулууда. Мал чарбасы быйылкы жылы республика боюнча жакшы натыйжаларды көрсөтө алды. Сут өндүрүү 1,5 пайызга, эт 3 пайызга, жумуртка өндүрүү 10 пайызга ашык көбөйдү.
Азыр базарларда, дүкөндөрдө азык-түлүк тартыштыгы жок, баалар туруктуу экенин көрүп жатабыз. Эң негизгиси, базарлардын текчелеринде сунушталган бардык азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн ата мекендик өндүрүштүн үлүшү барган сайын олуттуу үлүшүн ээлеп келет. Бул инфляцияны ооздуктоонун, социалдык туруктуулуктун, азык-түлүк коопсуздугунун жана экономикалык суверенитеттин негизги факторлорунун бири.
Экономика жана бизнес боюнча эксперт Сергей Пономарев азыр биз көпчүлүк негизги тармактардын комплекстүү өнүгүп жатканын көрүп жатабыз, анын аркасында мамлекеттик бюджет акчага толуп, калктын реалдуу кирешеси өсүп жатканын белгилейт. Азыр экономикада чындап эле системалуу өзгөрүүлөр болуп жатат.
“Бул салык кодексин реформалоонун жыйынтыгы. Бүгүн чакан бизнес ишин мыйзамдуу түрдө ачык жүргүзө алат. Биринчи кезекте бул жөнөкөйлөштүрүлгөн бирдиктүү салык. Бул ККМ аппараттарын киргизилгенден кийинки нөлдүк ставкалар жана ошого жараша, өзгөчө соода режиминин түзүлгөн зоналар болуп саналат. Башкача айтканда, соода тармагында иштеген чакан ишканалар азыр ИДПнын 52% түзөт.
Тышкы соода дагы заманбап геосаясат менен байланышкан фактор, ал жерде логистикалык каттамдар Кыргызстан аркылуу өткөнү бюджетти толуктаганга жакшы өбөлгө түзөт. Бюджеттин көбөйүшү эмгек акынын көбөйүшүнө алып келет. Эмгек акы көтөрүлгөндө, керектөө суроо-талаптын өнүгүшүнө жардам берет. Экономика мына ушундай жолдор менен жанданып жатат», - дейт Сергей Пономарев.
Экономист Кубат Рахимов айыл чарба тармагында чарбаларды ирилештирүү тенденциясы бар экендигинин маанилүүлүгүн белгилейт. Алардын артыкчылыгы - атаандаштыкка жарамдуу баада продукциянын олуттуу көлөмүн бере ала тургандыгы. Эми биз 90-жылдардагы каталарды оңдошубуз керек, колхоз-совхоздорду талкалап, майда өндүрүшкө түшүп калып, кошумча нарк бере турган тармакты жоготуп алганбыз.
«Кыргызстан мал этин, канаттуулардын этин, сүттү жана жумуртканы товардык өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп жаткандыгы биздин туура багыт алганыбызды айгинелейт. Импортту алмаштыруу темасында дайыма экспорттук багытты караш керек, анткени продукцияны сыртка сатуу ири агроөнөр жай өндүрүш ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыз кылып берет.
Албетте, азыр Кыргызстандын бийлиги чарбаларды ирилештирүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасоолору зарыл. Себеби, агроөнөр жай комплексинин ири жана туруктуу ишканалары гана продукциянын бир нече эсе өсүшүн камсыз кыла алат”,- деген Кубат Рахимов “Кабарга” берген маегинде.
Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө болгон мамиле акыркы жылдары өзгөрүүдө. Өлкөдө аяктап жаткан жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыгы менен 2025-жылы республикада буудайдын, арпанын, картошканын, жашылчанын, коон-дарбыздын жана кант кызылчасынын аянттары көбөйгөнү ачык көрүнүп турат. Бул негизги азык-түлүк товарларынын баасын туруктуу кармап турууда чоң роль ойнойт. Мунун аркасында республика тышкы рынокторго көз карандылыгын азайтат.
Экономиканы өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле кылуу бардык тармактарда өсүштү камсыз кылды. Эксперттер белгилегендей, азыркы алгылыктуу жылыш узак мөөнөттүү болуп, таасири экономиканын мындан ары өсүшүн камсыз кылат. Кыргызстан өзүнүн эң жакын жана тарыхый өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү аркылуу экономикалык эгемендүүлүктү жана өзүн-өзү камсыздоону бекемдөө багытын ишенимдүү улантууда. Евразияда түзүлүп жаткан экономикалык мамилелердин жаңы түрү Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, биздин өлкө ири финансылык инвестицияларды тартууда барган сайын жагымдуу болуп баратат.