Экологиялык абал талкууланат. Ысык-Көлдө форум өтөт

Экология Загрузка... 17 Февраль 2025 16:53
WhatsApp Image 2025-02-17 at 13.36.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында экологиялык форум өтөт. Бул тууралуу экофорумдун уюштуруучусу Калыс Нурланбеков радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, форумда Ысык-Көлдүн жана Ысык-Көл облусундагы экологиялык абал талкууланат. Иш-чара суроо-жооп форматында өтөт.

“Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү , экология боюнча эксперттер катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы суу ресурстарынын көйгөйлөрүн талкуулоо жана конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу каралат. Мындан сырткары, экологиялык эксперттердин докладдары окулат, саркынды сууларды тазалоо боюнча талкуу болот. Ошондой эле аймактагы экологиялык көзөмөлдү күчөтүү демилгеси сунушталат”,-деди ал.