Египетте деңизге кеме чөгүп, кеминде алты адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 28 Март 2025 10:50
13ef4953-a3e5-4c23-bc5a-ea048030b22e.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Египетте Кызыл деңизге 45 турист менен суу астына экскурсияга түшкөн кеме чөгүп кеткен. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Маалыматка караганда, 25 метрлик "Синдбад" батискафындагы туристтердин арасында Норвегия, Швеция, Индия, Египет жана Россиянын жарандары болгон. Эс алуучулардын арасында жаш балдар да бар экени такталган. Жүргүнчүлөрдүн кичүүсү үчтө, улуусу 62 жашта. Кызыл деңиз провинциясынын губернатору Амр Ханафи алты россиялык турист каза болгонун тастыктаган.

Ал эми калган жүргүнчүлөр куткарылган, бирок алардын ичинен 29у ооруканага жаткырылган.

Экскурсиялык батискаф суу астына 25 метрге чейин түшө алары айтылды.

Маалыматтар боюнча, Кызыл деңизде сейилдөөгө ылайыкталган кемелер катышкан кырсык биринчи жолу болуп жаткан жок. Былтыр ноябрь айында туристтик кеме чөгүп, 11 адам көз жумган же дайынсыз жоголгон, 35 киши аман калган.