Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Эгемендүүгүлүнүн 35 жылдыгы болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Бул тууралуу экс-депутат Өмүрбек Бакиров “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Эгемендүүлүк майрамы менен катар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ.
“Эгемендүүлүгүбүз түбөлүк, асманыбыз ачык болсун! Бүгүн майрамыбыз менен кошо Көчмөндөр оюндарынын ачылышы болууда. Анын Эгемендүүлүк майрамына туш келгени бизди дагы да кубандырып турат.
Иш-чарага жыйырмадан ашык мамлекеттин башчылары жана спортчулары катышууда. Бул дагы биздин мамлекетибиздин дүйнөлүк деңгээлдеги аброю өсүп жатканын билдирет” — деп кошумчалады экс-депутат.