Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Спорт Загрузка... 22 Июль 2025 18:24
WhatsApp Image 2025-07-22 at 17.14.19.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 22.07.25 /Кабар/. 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

Жунусалиевдин айтымында, быйыл президенттин кубогу 25-жолу өткөрүлүп, эң жогорку даражадагы мелдеш болот. Ошондой эле бул оюн март айындагы көк бөрү оюну учурунда болгон кырсыктан кийин, коопсуздук эрежелерин күчөтүү менен биринчи жолу уюштурулуп жатат.

Белгилей кетсек, 12-мартта Бишкектеги жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин ачылышында улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу оюн аягына чыкпай токтотулган эле.