Эгемендүүлүк күнүнө даярдык көрүү. Минкаб төрагасы жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 19 Август 2025 19:30
68a45fa7e0101.jpg
68a45fa84e5b7.jpg
68a45fa85702f.jpg
Алдыга
Артка
68a45fa7e0101.jpg
68a45fa84e5b7.jpg
68a45fa85702f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө республиканын бардык аймагында, өзгөчө Жалал-Абад облусунда майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер кенен каралды.

Адылбек Касымалиев бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде жаңы ишканалардын жана социалдык объектилердин ачылышын жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө майрамга даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн отчеттору угулду.

Атап айтканда, республика боюнча өнөр жай жана социалдык объектилерди жана ишканаларды салтанаттуу ишке киргизүү, майрамдык иш-чаралардын концепциялары жана программалары, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу, транспорттук камсыздоону жана логистиканы уюштуруу маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерге жана ведомстволорго белгиленген бардык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга багытталган бир катар далилдүү тапшырмаларды берди.