Акылы бүтүн ар бир адамдын көкүрөктө аяр тутканы – Эне!
Башыбызга кандай гана кыйын иш түшпөсүн, кандай гана кыйчалыш сааттарга кабылбайлы, оболу көз ачып алгач көргөн энебиздин элесине жалбарып алмай адатыбыз бар. Адамзаттын көкүрөгүндөгү эң бир ыйык сезим энеге арналып, энебиздин көз алдыга тартыла калган элесинен жылынып, бийикти көздөй сызып учабыз. Андан кийин киндик кан тамган жер, алпештеп өстүргөн ата конуш – жүрөктүн тереңинде уялайт. Бизди дал ушул туулган жерге делген сүйүү, бизди курчаган чөйрө, коом – адам кылып калыптандырат.
* * *
Асманда сызган куш да айланчыктап өз уясын коргологон сыңары, качандыр бир кезде бу тирүүлүктө ичээр суубуз түгөнгөн чакта, кайра эле туулган жерибизди түбөлүк байырлап, топурагы менен кошо жуурулушуп, табият койнуна сүңгүйбүз. Тирүүлүктүн башаты да, тирүүлүктүн бүтөөр чеги да – Ата Журт!
* * *
Мекенден канчалык оолак узаган сайын анын карааны огобетер бийиктеп, аруу сезимге айланып, сагыныч коштойт. Сагынган адам – санаага малынган жан – эзели жаман ишке барбайт. Анткени, андагы аялуу дүйнө, аздек туткан аалам – жаман жолго түртпөйт. Мекенинен узак жүргөн адам канчалык сабыркап санаага баткан сайын,оюнда акыр бир күн Ата Журт койнуна оролсом деп эңсейт.
Мекен – бизди кучагына катып, бизди өстүрүп, бизди сактаган өңдүү – биз да Ата Мекенди дилибизде алпештеп өстүрүүгө милдеткербиз. Биздин мойнубуздагы парз, эч качан төлөп бүтө алгыс карыз – Ата Мекенге ак кызмат өтөө!
* * *
Жазмыш ар бирибиздин мойнубузга Ата Мекенге кызмат өтөөнүн ар кыл жолун жазган. Бирлери колуна курал алып мекен сакчысы, бирлери кармаштарда кан төгүп жоодон коргоп баатыр аталса, а бирлери колуна калем кармап алп ойлорду ак кагазга чүргөп коомду патриоттук сезимге ширетет. Бирлери заңгыраган имарат салып курулушта өлкөнүн оң жолго түшүүсү үчүн жан үрөйт. Мугалим коомго керектүү келечек ээлерин туура жолго багыттаса, дарыгер дартты жоюп, илимпозу ачылыш жасайт.
Карапайым жумушчунун да Ата Мекен алдында өтөгөн кызматы ат көтөргүс. Ал тургай короо шыпыргыч көңүлгө гүл өндүрүп көчө тазалап, жарык шоола чачат. Ар бир аткарылган иш адалдыкка үндөп, атуулдук сезимди козгойт.
Акын – Мекенди даңктап, ырчы жар салат. Коом дал ушул аруулуктан уланат.
* * *
Тарыхка үңүлө келгенде эркиндик туусун желбиретип, эгемен өлкөнү курайбыз деп кезегинде канчаларынын баштары ыргыды!? Биздин маңдайыбызга ошол ата-бабалар жетпеген ырыстуу күн буйруптур, алардын арманда кеткен үмүт-тилегин орундатып, өлкөнү оң жолго салуу, колубуздан келген ишти так аткаруу – жарандык ыйык милдет!
Дүйнө өзгөрүүгө туш келип улам бир ачылыштар жасалып аткан чакта, сан жагынан алда канча көп эл майда улуттарды жутуп койбосо экен деген кооптонуу, мен, кыргызмын деген ар бир адамдын дилин эзген суроого айланып, ички дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат. Анан бир туруп оо сандаган кылымдар бою “Манастап” ураан чакырган улут – канча бир апааттардан аман чыгып бүгүнкү күнгө жеткенин эстей калганда, бизди абалтан сактаган рухий дөөлөт тулку-боюбузда катылуу экенин эстей калып, ошого каниет кылып, жакшылыктан үмүт артасың.
Алдуу-күчтүү имериялардын далайы кырылды. Жоюлду. Жок болду. Бирлери бир улут менен кошо аралашып сиңип кетти.
А кыргызды эмне сактап турат?
Балким, көр дүйнө көйгөйүнөн өйдө турган сөз дүйнөсүдүр!?
Руханий аалам – келечек муундун тулкусунда жашап, анан ал андан кийинки урпактарга аман жетсе экен, кыргыз көчү кыйырларды ашсын деген тилекте күн кечирип, жаш жеткинчектерден тарта жалпы коом үчүн улуттук өзөк башкы идеологияга, турмуштук принципке айланганда гана улут – улут катары сакталат чыгар!?
Улуттар жоюлуп, жер бетин бир гана эл ээлейт, анда тил да, каада-салт да, нарк-насил да болбойт деген жоромолдорго туруштук бере турган күч барбы? Жасалма Интеллект деп жар салынып аткан кезде алакандай кыргыз – кыргыздыгын сактай алабы? Кандайдыр бир керемет күч гана азыркы секунд санап ачылыштар жаралып аткан кезеңде көөдөндү улуу мурастарга толтуруп, баары бир бороонго туруштук бере турчу күч уңгуда катылуу жатат деп аңдап, арышыбызды кенен таштаган оң.
Кандай күнгө гана кабылбайлы, эс-акылда “Манастан” уланган дүйнө турат. “Манастан” бери карай келген кыргыз көчү кыйрабай, бир кылымдан бир кылымды эсенчилик менен ооштуруп, биздин ордубузду басчу эртеңкинин ээлерине жетүүгө тийиш.
Сөздүн кыскасы, эгемен элдин эртеңи жарык, келечеги кең болсо экен!
Эгемендик күнүндө туруп, элиме ушундай аруу тилекти гана арнагым келет...