Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамы – жаӊылануунун, тынчтыктын жана гармониянын байыркы символу менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Евразия элдеринин тарыхынын тамыры кылымдарга кеткен бул жаркын майрамы жаздын келишин жана жаңы жашоо циклинин башталышын билдирет. Нооруз бардык убакта коомдук ынтымактын жана туруктуу өнүгүүнүн бекем негизи болуп кызмат кылган өз ара сый-урмат, коңшулаштык жана биримдик баалуулуктарын чагылдырат.
Бүгүн Нооруз жаратмандыктын, өз ара түшүнүшүүнүн жана жакшы ниеттин идеалдарынын айланасында адамдарды бириктирип, диалогдун, кызматташтыктын жана жалпы бакубаттуулукка умтулуунун маанилүүлүгүн эске салат.
Сиздин мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тынчтык менен туруктуулук принциптерин алдыга жылдырууга кошкон салымыңыз үчүн терең урматымды жана ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.