Эдил Байсалов Жумгалдагы соцобъекттердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети 18 Июль 2025 13:00
6879ead8a891e-thumb.jpeg
6879eab7570a7-thumb.jpeg
6879eab709240-thumb.jpeg
6879eabb10d25-thumb.jpeg
6879ead8aaff9-thumb.jpeg
6879ead84ab42-thumb.jpeg
6879ead85df09-thumb.jpeg
6879ead86b8a3-thumb.jpeg
6879ead828c8e-thumb.jpeg
6879ead88782c-thumb.jpeg
6879ead868084-thumb.jpeg
6879ead887723-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6879ead8a891e-thumb.jpeg
6879eab7570a7-thumb.jpeg
6879eab709240-thumb.jpeg
6879eabb10d25-thumb.jpeg
6879ead8aaff9-thumb.jpeg
6879ead84ab42-thumb.jpeg
6879ead85df09-thumb.jpeg
6879ead86b8a3-thumb.jpeg
6879ead828c8e-thumb.jpeg
6879ead88782c-thumb.jpeg
6879ead868084-thumb.jpeg
6879ead887723-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Анда, Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш объекти менен таанышып чыккан Эдил Байсалов курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана сапатын так сактоо зарылдыгын белгилеп, мектепке чейинки билим берүү жана балдар үчүн жеткиликтүү инфраструктураны түзүү аймактарды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти экенин белгиледи.

Андан соң минкаб төрагасынын орун басары ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөткөн Нур-Булак үй-бүлөлүк тибиндеги мекемеде болду.

Ошондой эле Эдил Байсалов К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театрынын имаратын көрүп чыгып, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун учурдагы абалы менен таанышты. Ал белгилегендей, маданий жана саламаттык сактоо мекемелери жергиликтүү калктын турмушунда негизги орунду ээлеп, мамлекеттин көңүл борборунда болот.

"Аймактарда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана балдарды колдоо чөйрөлөрүндөгү шарттар калктуу конуштардын алыстыгына карабастан республика боюнча бирдиктүү стандарттарга жооп бериши керек", - деп белгиледи Эдил Байсалов мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен жолугушууда.

Объекттердин курулушунун иши менен таанышуунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү министрликтерге бир катар тапшырмалар берилди.