Эдил Байсалов Жалал-Абаддагы бир катар соцобъектилердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети 19 Июль 2025 11:30
687b20ad26518.jpeg
687b20ad39606.jpeg
687b20ad47321.jpeg
687b20ad74c42.jpeg
687b20ad8a01f.jpeg
687b20adc3eaa.jpeg
687b20ae12ba6.jpeg
687b20ae15ece.jpeg
687b20ae3d50e.jpeg
Алдыга
Артка
687b20ad26518.jpeg
687b20ad39606.jpeg
687b20ad47321.jpeg
687b20ad74c42.jpeg
687b20ad8a01f.jpeg
687b20adc3eaa.jpeg
687b20ae12ba6.jpeg
687b20ae15ece.jpeg
687b20ae3d50e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы бир катар социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Кара-Суу айылындагы “Кара-Суу айылдык аялдар кеңеши” коомдук бирикмесине, жакында эле курулган айылдык китепканага, ошондой эле А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборуна, А. Сыдыков атындагы райондук маданият үйүнө жана “Аракет” реабилитациялык борборуна барды.

Эдил Байсалов өзгөчө алыскы аймактардагы жарандардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Социалдык объектилерди текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтардын шарттарын жана сапатын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди.