Эдил Байсалов Япония элчиси менен дипмиссиясынын аякташына байланыштуу жолукту

Министрлер кабинети 27 Октябрь 2025 15:40
68ff3acda32f9-thumb.jpg
68ff3acda32d6-thumb.jpg
68ff3acdf2a01-thumb.jpg
68ff3ace00420-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68ff3acda32f9-thumb.jpg
68ff3acda32d6-thumb.jpg
68ff3acdf2a01-thumb.jpg
68ff3ace00420-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту.

Жолугушууда Эдил Байсалов элчинин кыргыз-япон мамилелерин чыңдоого, саясий диалогду өнүктүрүүгө, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи. Ал Япония өкмөтүнө туруктуу өнүктүрүү жана инфраструктураны модернизациялоо программаларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстандын аймактагы ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Элчи Года Хидэки өз кезегинде кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Эдил Байсалов элчиге мындан аркы кесиптик иштерине ийгиликтерди каалады.