Эдил Байсалов япон балбаны Хакухо Сё менен жолугушту

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Октябрь 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бүгүн “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сумо боюнча көрүнүктүү япон балбаны Хакухо Сё менен жолугушту.

Хакухо Сё расмий түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды жана оюндардын баалуулуктарын эл аралык аренада жайылтууга, Кыргызстанды популяризациялоого, ошондой эле алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик конокторду чакырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы маданий-спорттук алмашууну өнүктүрүү келечеги, ошондой эле Кыргызстандын жаштары арасында сумону популяризациялоо жана жайылтуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи. Анын айтымында, спорт өз ара түшүнүшүүнүн жана ишенимдин маанилүү куралы болуп саналат. Төраганын орун басары Хакухо Сё сыяктуу абройлуу инсандар менен кызматташуу спорттук дипломатияны чыңдоого өбөлгө түзүп, жаш муун үчүн шыктандыруучу булак болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Хакухо Сё кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты. Ал спорт ар кайсы өлкөлөрдүн жана маданияттардын адамдарын бириктирерин белгилеп, Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө үмүт артарын билдирди.