Эдил Байсалов Улуу Британиянын соода комиссары Кэмерон Полео менен жолугушту

Министрлер кабинети 2 июнь 2025 17:17
683d7ff182ef3-thumb.jpg
683d7ff1b6e8b-thumb.jpg
683d7ff1b71fa-thumb.jpg
683d7ff186904-thumb.jpg
683d7ff1d857b-thumb.jpg
Алдыга
Артка
683d7ff182ef3-thumb.jpg
683d7ff1b6e8b-thumb.jpg
683d7ff1b71fa-thumb.jpg
683d7ff186904-thumb.jpg
683d7ff1d857b-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуу Британиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча соода комиссары Кэмерон Полео менен жолугушту.

Тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын – саясий диалог, соода-экономикалык байланыштар, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана эмгек миграциясы боюнча талкуулашты.

Байсалов Улуу Британия Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөшү бойдон кала берээрин белгилеп, Лондондо 700 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын суверендүү еврооблигацияларын биринчи жайгаштыруу ийгиликтүү болгонун баса белгиледи.

Concrete Canvas менен пилоттук долбоор жана Чүй облусунда заводдун курулушу, ошондой эле Көкөмерен дарыясында ГЭС куруу жана маанилүү пайдалуу кендердин стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Boston Consulting Group (BCG) менен кызматташуу талкууланды.

2024-жылдын акырына карата Улуу Британия Европадагы кыргыз продукциясынын эң ири импорттоочусу болуп калды. Сезондук жумушчулар программасынын натыйжалуулугу белгиленди – буга чейин 8 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болгон, квота планы 17 миң. Тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.