Эдил Байсалов Украинанын элчисин кабыл алды

Министрлер кабинети 20 Июнь 2025 17:35
685541a0212f6 (1).jpeg
685541a4ca808.jpeg
685541a4ad7b3.jpeg
Алдыга
Артка
685541a0212f6 (1).jpeg
685541a4ca808.jpeg
685541a4ad7b3.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин белгилеп, эки өлкөнүн гуманитардык, маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдалышына ишенээрин билдирди. 

Элчи Валерий Жовтенко кыргыз тарапка конструктивдүү диалог жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.