Эдил Байсалов Татарстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

Министрлер кабинети 30 Октябрь 2025 11:01
6902e9898e151-thumb.jpg
6902e9898f228-thumb.jpg
6902e989d9a84-thumb.jpg
6902e989bdcec-thumb.jpg
6902e989ea058-thumb.jpg
6902e989eadc6-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6902e9898e151-thumb.jpg
6902e9898f228-thumb.jpg
6902e989d9a84-thumb.jpg
6902e989bdcec-thumb.jpg
6902e989ea058-thumb.jpg
6902e989eadc6-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга иш сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татар байланыштары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татар тарапты Татарстандын раисин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын глобалдык исламдык умманын жашоосуна активдүү катышуусун белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.