Байсалов "Саймалуу-Таш" жаратылыш паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинети 21 Июль 2025 10:02
687db8b1c0fbf-thumb.jpg
687db8b1d1f19-thumb.jpg
687db8b13df0a-thumb.jpg
687db8b13f037-thumb.jpg
687db8b21c42f-thumb.jpg
687db8b21fca1-thumb.jpg
687db8b204b25-thumb.jpg
687db8b2720e8-thumb.jpg
687db8b21746f-thumb.jpg
687db8b213275-thumb.jpg
687db8c1aaac6-thumb.jpg
687db8c1ac284-thumb.jpg
687db8c1cacd5-thumb.jpg
Алдыга
Артка
687db8b1c0fbf-thumb.jpg
687db8b1d1f19-thumb.jpg
687db8b13df0a-thumb.jpg
687db8b13f037-thumb.jpg
687db8b21c42f-thumb.jpg
687db8b21fca1-thumb.jpg
687db8b204b25-thumb.jpg
687db8b2720e8-thumb.jpg
687db8b21746f-thumb.jpg
687db8b213275-thumb.jpg
687db8c1aaac6-thumb.jpg
687db8c1ac284-thumb.jpg
687db8c1cacd5-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркында болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары археологиялык эстеликтин негизги участоктору менен, ошондой эле бул жерди сактоо жана изилдөө боюнча парк кызматкерлеринин иши менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө инфраструктураны өнүктүрүү, илимий экспедициялар үчүн аймактын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле табигый тең салмактуулукту сактоо менен туруктуу туристтик маршруттарды түзүү маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов белгилегендей, Саймалуу-Таш тарыхый-маданий мурастын объектиси гана эмес, экологиялык жана билим берүү туризминин маанилүү элементи. Улуттук өзгөчөлүктүн жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн бир бөлүгү катары мындай уникалдуу жаратылыш комплекстерин сактоого жана жайылтууга комплекстүү мамиле кылуу зарылчылыгы баса белгиленди.

Саймалуу-Таш – Фергана кырка тоосунун бийик тоолуу бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 2800–3450 метр бийиктикте жайгашкан уникалдуу табигый-археологиялык комплекс. Жалпы аянты 32 миң гектардан ашкан парк дүйнөдөгү эң чоң петроглифтердин топтолушун камтыйт, алардын саны ар кандай тарыхый доорлордо – неолиттен баштап орто кылымдын башталышына чейин жаралган 90 миңге чейин аскага чегилген сүрөттөрдү камтыйт.