Эдил Байсалов Россиянын маданият министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер кабинети 30 Октябрь 2025 16:06
69032c79a6611.jpg
69032c79e3fdd.jpg
69032c79a5811 (1).jpg
69032c7a2a714.jpg
69032c79e26a8.jpg
Алдыга
Артка
69032c79a6611.jpg
69032c79e3fdd.jpg
69032c79a5811 (1).jpg
69032c7a2a714.jpg
69032c79e26a8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Россиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Россиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.

Эдил Байсалов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен мүнөздөлөөрүн баса белгиледи.

Ал маданий өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо өзгөчө роль ойной турганын белгиледи.

Кара-кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн, ошондой эле азыркы учурда Кыргызстандагы Россиянын маданият күндөрүн ийгиликтүү өткөрүү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда маданий байланыштарды андан ары чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.