Эдил Байсалов Пакистандын элчиси менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 09 Апрель 2025 16:45
67f646f5576d8.jpg
67f646f53295d.jpg
67f646f36f02c.jpg
67f646f5d556b.jpg
Алдыга
Артка
67f646f5576d8.jpg
67f646f53295d.jpg
67f646f36f02c.jpg
67f646f5d556b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.

Жолугушууда минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу мамиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. 

Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы туурасында Келишимдин кабыл алынышын кубануу менен белгиледи.  

Тараптар CASA-1000 долбоорунун алкагындагы “Датка-Сугд”  500 кВ линиясынын ишке киришин кубатташты. 

Ошондой эле жакынкы арада Исламабадда өтүүчү Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына даярдык маселесине өзгөчө көңүл бурулду.