Эдил Байсалов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен жолукту

Министрлер кабинети 27 Август 2025 12:22
68ae9ba0c6580.jpg
68ae9ba0e087d.jpg
68ae9ba0c6581.jpg
68ae9ba0e12e3.jpg
Алдыга
Артка
68ae9ba0c6580.jpg
68ae9ba0e087d.jpg
68ae9ba0c6581.jpg
68ae9ba0e12e3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

 Эдил Байсалов Кыргызстандын жетекчилигинин атынан Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле түрдүү чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейткендиги үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстан Пакистанды ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгилеп, кыргыз-пакистан мамилелери мындан ары да тереңдейт деген ишенимин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Эдил Байсалов Хасан Али Зайгамга келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.