Эдил Байсалов: Мамлекеттик университеттер модернизацияланат

Министрлер кабинети 12 Февраль 2026 15:12
698d931dacd19-thumb.jpg
698d931dad3a9-thumb.jpg
698d931db92a0-thumb.jpg
698d931dc7065-thumb.jpg
698d931dce7b8-thumb.jpg
698d931dcfe33-thumb.jpg
698d931ddf485-thumb.jpg
698d931deb845-thumb.jpg
698d931e3d732-thumb.jpg
698d931e039b5-thumb.jpg
Алдыга
Артка
698d931dacd19-thumb.jpg
698d931dad3a9-thumb.jpg
698d931db92a0-thumb.jpg
698d931dc7065-thumb.jpg
698d931dce7b8-thumb.jpg
698d931dcfe33-thumb.jpg
698d931ddf485-thumb.jpg
698d931deb845-thumb.jpg
698d931e3d732-thumb.jpg
698d931e039b5-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Өз сөзүндө ал жаңы министрликтин түзүлүшү өлкө жетекчилигинин жогорку билим берүүнү жана илимди терең модернизациялоого багытталган кадамы болгонун белгиледи.

«Министрликтин алдына так милдет коюлду – университеттерди таланттарды тартуу борборуна, заманбап билимдердин булагына жана өлкөнүн ондогон жылдарга өнүгүүсүнүн негизги локомотивине айландыруу», – деди Байсалов.

Президенттин бир катар жогорку окуу жайларына өзгөчө макам берүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу тууралуу айтып жатып, ал натыйжалардын ар кандай деңгээлин белгиледи.

«Берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, реалдуу прогресске жетишкен мекемелер бар. Бирок түшүндүрмөлөрдү жана чечимдерди күтүп жаткандар дагы деле бар. Күтүү убактысы бүттү», – деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары президенттин администрациясы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте жакынкы жумаларда тездетилген модернизация процесстерин координациялоону күчөтөрүн баса белгиледи.

Сөз билим берүү программаларын кайра карап чыгуу, эскирген дисциплиналарды кыскартуу, натыйжасыз багыттарды оптималдаштыруу жана заманбап экономиканын талаптарына жооп берген жаңы курстарды киргизүү жөнүндө болуп жатат. Коллегиянын жыйынтыгында жогорку билим берүү жана илим системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, конкреттүү милдеттер коюлуп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Чечимдердин аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болот.