Эдил Байсалов Кытайдын Цзянси провинциясынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинети 10 Сентябрь 2025 14:44
68c12dd2ed293-thumb.jpg
68c12dd2a72a5-thumb.jpg
68c12dd2ce8d4-thumb.jpg
68c12dd2cfbd5-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68c12dd2ed293-thumb.jpg
68c12dd2a72a5-thumb.jpg
68c12dd2ce8d4-thumb.jpg
68c12dd2cfbd5-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Цзянси провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Чэнь Синчао баштаган делегациясы менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү келечегин талкуулап, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

 Эдил Байсалов Кыргызстан менен Кытайды коңшулаштык, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери байланыштыраарын белгилеп, кыргыз тараптын Цзянси провинциясы менен экономика, инвестиция жана гуманитардык алмашуу тармактарында өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Чэнь Синчао провинциянын экономикалык жана маданий потенциалын тааныштырып, аймактын бай жаратылыш ресурстарын, өнүккөн өнөр жайын жана уникалдуу тарыхый-маданий мурасын белгиледи. Ал багыттардын кеңири спектри боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, кыргыз тарапты Цзянсиге келип кетүүгө чакырды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.