Эдил Байсалов Индиянын элчисин кабыл алды

Министрлер кабинети 02 Июль 2025 09:30
6863edd5ebcbf.jpg
6863edd5ca2d9.jpg
Алдыга
Артка
6863edd5ebcbf.jpg
6863edd5ca2d9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Тараптар ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы салттуу достуктун жана өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.