Эдил Байсалов эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинети Загрузка... 19 Июнь 2025 11:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Акыйкатчы институтунун ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча эл аралык топтордун өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү укук коргоочулар менен эксперттер, Австралия, Жаңы Зеландия, Непал, Мальдив жана Швейцариянын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү катышты.

Эл аралык делегациянын иш сапары Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун потенциалына комплекстүү баа берүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Баалоо адам укуктары боюнча бул негизги улуттук органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жолугушууда Акыйкатчы институтун институционалдык өнүктүрүү, анын адам укуктарын камсыздоо жана коргоо системасындагы ролу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Эл аралык стандарттарга жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага ылайык өлкөнүн адам укуктарын коргоо механизмдерин мындан ары чыңдоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Эдил Байсалов көз карандысыз баалоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын жыйынтыктары жана сунуштары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун улуттук тутумунун маанилүү элементи катары Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз болот деген ишенимин билдирди.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктарын коргоо институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана адам укуктарын илгерилетүү максатында кызматташууну бекемдөөгө өз ара умтулуусун ырасташты.