Байсалов БУУнун Океан боюнча конференциясынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Министрлер кабинети 11 Июнь 2025 13:35
684923e76e1fb (1).jpeg
6849244d950dc.jpeg
68492444b709c.jpeg
68492444b5b45.jpeg
684924449993d.jpeg
684924449855e.jpeg
6849244478ea4.jpeg
684924444f649.jpeg
Алдыга
Артка
684923e76e1fb (1).jpeg
6849244d950dc.jpeg
68492444b709c.jpeg
68492444b5b45.jpeg
684924449993d.jpeg
684924449855e.jpeg
6849244478ea4.jpeg
684924444f649.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Франциянын Ницца шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Океан боюнча конференциясынын алкагында мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле дос өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү жана туризм тармактарында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “Тоолордон океандарга” аттуу иш-чарага катышты. Талкуунун жүрүшүндө кыргыз тарап иш-чаранын күн тартибине кирген бийик тоолуу аймактардын кызыкчылыгында экосистемаларды сактоонун, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу сыяктуу негизги артыкчылыктарды белгиледи.