Байсалов БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитетинин өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинети 27 Июнь 2025 18:42
685e85513e247 (1).jpg
685e85513de1b.jpg
685e855196eac.jpg
685e855195d0a.jpg
685e855174874.jpg
685e85517276b.jpg
Алдыга
Артка
685e85513e247 (1).jpg
685e85513de1b.jpg
685e855196eac.jpg
685e855195d0a.jpg
685e855174874.jpg
685e85517276b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча кичи комитетинин төрагасынын орун басары Элина Штейнерте менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Эдил Байсалов өлкө бул жааттагы эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу түрдө аткарып жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Элина Штейнерте кыйноолорго каршы конвенцияга карата Факультативдик протоколду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жазалоо түрлөрүн натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы тарабынан мындан аркы колдоого жана өз ара түшүнүшүүгө үмүт артарын билдирди.