Эдил Байсалов БУУнун конференциясында: Кыргызстан эл аралык диалогду чыңдап жатат

Министрлер кабинети 07 Август 2025 16:40
68947ed4d815e-thumb.jpg
68947c73da170-thumb.jpg
68947ed4adeaa-thumb.jpg
68947ed4c4ef4-thumb.jpg
68947ed4c7458-thumb.jpg
68947ed4d9889-thumb.jpg
68947ed4ecb38-thumb.jpg
68947ed50b02b-thumb.jpg
68947ed51ce75-thumb.jpg
68947ed51e551-thumb.jpg
68947ed50569a-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68947ed4d815e-thumb.jpg
68947c73da170-thumb.jpg
68947ed4adeaa-thumb.jpg
68947ed4c4ef4-thumb.jpg
68947ed4c7458-thumb.jpg
68947ed4d9889-thumb.jpg
68947ed4ecb38-thumb.jpg
68947ed50b02b-thumb.jpg
68947ed51ce75-thumb.jpg
68947ed51e551-thumb.jpg
68947ed50569a-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү Конференциясынын алкагында бир катар маанилүү иш-чараларга катышты. 

Конференциянын вице-төрагасы катары Эдил Байсалов жалпы дебаттардын пленардык сессиясынын жыйынын өткөрдү, ошондой эле БУУнун Түштүк-Түштүк программасынын министрлик деңгээлдеги панелдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү. 

Иш-чаралардын жүрүшүндө МинКаб Башчысынын орун басары конференциянын бир катар жогорку даражалуу катышуучулары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде: Уганданын Премьер-министри Робина Наббанджа, Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин статс-катчысы Йоханнес Шеллхорн, Иран Ислам Республикасынын жолдор жана шаар куруу министри Фесолла Садегхиан Малваджердей, Бутандын тышкы иштер жана тышкы соода министри Дендуп Дхунгуел, Чад Республикасынын тышкы иштер жана Африка интеграциясы боюнча мамлекеттик министри Фатима Ассу Гарфа, Транспорт коридорлору боюнча кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык программасынын (ТРАСЕКА) башкы катчысы Азаматбек Асанбаев бар. 

Эдил Байсалов ошондой эле "Структуралык трансформациялар, диверсификация жана илим, технологиялар жана инновациялар деңизге чыга албаган аялуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн гүлдөп өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы катары" аттуу жогорку деңгээлдеги тематикалык тегерек үстөлдө сөз сүйлөдү. Ал ошондой эле БУУнун Конференциясынын аянтында өткөн Жарандык форумдун алкагында санарип экономикасы жана инновациялар маселелери боюнча кеңешменин модератору болду.