ЕБ жана БА өлкөлөрүнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы доору башталды – Еврокомиссиянын төрайымы

Саясат Загрузка... 04 Апрель 2025 15:43
WhatsApp Image 2025-04-04 at 15.39.15.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.04.25. /Кабар/. Европа Биримдиги жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы доору башталды, деп айтты Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен Самарканддагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө.

"Биз, европалыктар, миң жылдык тарыхыңыздын жаңы доорунда сиздер менен болууну каалайбыз", - деп белиледи төрайым.

Урсула фон дер Лейен Европа Биримдигинин Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын төрт приоритеттүү багытын белгиледи. Атап айтканда, ЕБ Транскаспий транспорт коридорлорун колдойт.

Европа биримдиги Борбор Азиядагы кен иштетүү жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорго, ошондой эле адистерди окутуу үчүн инвестиция салууда.

Жашыл энергетика — Евробиримдик таза энергетика тармагындагы долбоорлорду каржылайт, анын ичинде шамал, күн жана гидроэнергетикага өзгөчө көңүл бурулат.

Европа биримдиги Борбор Азияда интернеттин көз карандысыз инфраструктурасын түзүү жана спутниктик интернет аркылуу санариптик эгемендүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө.