Борбор Азия + Евробиримдик: Өз ара пайдалуу кызматташууга убакыт келди

Аналитика Загрузка... 04 Апрель 2025 17:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Өзбекстандын байыркы Самарканд шаарында тарыхта биринчи жолу Евробиримдиктин жана Борбордук Азиянын саммити өттү.

Борбордук Азиянын Европа Биримдиги менен кызматташуу форматы уникалдуу аянтчага айланды. Анткени Европа Биримдиги 27 мамлекетти, анын ичинде G7нин үч өлкөсүн (Германия, Франция жана Италия) бириктирген эң ири интеграциялык бирикме болуп саналат жана ал Борбордук Азия менен региондор аралык кызматташууну активдүү өнүктүрүп келет.

Евробиримдик менен Борбордук Азиянын кызматташтыгы экономика жана инвестициядан баштап туруктуу өнүгүү, коопсуздук жана санариптик трансформация сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт.

Саммиттин Самаркандда өтүшү да жөн жерден эмес. Самарканд кылымдар бою соода, илим жана дипломатиянын борбору болуп келген. Бул шаар маданияттарды, элдерди жана идеяларды бириктирген маанилүү тарыхый жай. Бүгүнкү күндө ал кайрадан Европа менен Борбордук Азия үчүн заманбап чакырыктарды талкуулай турган аянтчага айланууда.

Иш-чарага Еврокеңештин төрагасы Антониу Коста жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, ошондой эле Борбордук Азиянын беш мамлекетинин лидерлери — Шавкат Мирзиёев, Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышты.

Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолугушуп, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү, инвестиция тартуу жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

Президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин кызматташуу форматы динамикалуу өнүгүп жатканын жана ал буга чейин эле практикалык жыйынтыктарды берип жатканын белгиледи:

«2021-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Европа биримдигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге, импорт 2,6 эсеге, экспорт 1,5 эсеге өстү.

Евробиримдик Кыргызстанга бир катар товарларга жеңилдик системасын бергенинин аркасында соода ийгиликтүү өнүгүп жатат. Бул үчүн биз европалык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз», – деди мамлекет башчысы.

4-апрелде өткөн «Борбордук Азия – Европа Биримдиги» саммитинин жыйынында Садыр Жапаров чек ара маселелеринин чечилишине токтолду.

«2022-жылы Өзбекстан менен чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлган. Ал эми жакында Тажикстан менен чек ара маселелерине чекит коюлду. Бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандын элдери үчүн да, жалпы эл аралык коомчулук үчүн да маанилүү болду. Бул өз ара ишенимге, урматтоого жана тынчтыкта жанаша жашоого умтулуубуздун белгиси», – деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан Европа биримдиги менен кайра жаралуучу энергетика жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Өткөн жылы биз 18 чакан гидроэлектр станциясын ишке киргиздик, ал эми быйыл дагы 15 объектинин курулушу жүрүп жатат. Ошол эле учурда биз жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн энергиясы боюнча долбоорлорду ишке киргиздик.

Глобалдык климаттын өзгөрүүсүн эске алганда, “жашыл” экономикага өтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – биздин туруктуу өнүгүүгө багытталган альтернативасыз жолубуз», – деп белгиледи ал.

Садыр Жапаров Европа биримдигинин Борбор Азияда туруктуу транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө 10 млрд евро инвестициялоо демилгесин кубаттады.

“Кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты катары өтө маанилүү сырьелук материалдарды иштеп чыгуу саналат. Кыргызстан сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдардын олуттуу запастарына ээ.

Буга чейин Европа биримдиги Казакстан жана Өзбекстан менен ишке ашырган өнөктөштүк же “жол картасы” форматын Кыргызстан менен да түзүп, бул багыттагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз», – деди президент.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев саммит Борбор Азия менен Евробиримдиктин мамилелерин жаңы деңгээлге алып чыкканын белгилеп, мындай деди: «Биз саясий диалогду тереңдетүүнү жана кызматташуунун жаңы механизмдерин иштеп чыгууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул биздин кызматташтыгыбызды системалуу жана узак мөөнөттүү максаттарга багыттайт».

Европа биримдигинин Борбор Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканына негизги себептердин бири — Россия менен Украинанын согушунун кесепетинен Евробиримдиктин россиялык энергоресурстарга болгон көз карандылыгын азайтуу. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен да баса белгиледи. Ошондой эле Европаны Борбор Азиянын кен байлыктары, өзгөчө сейрек кездешүүчү металлдар кызыктырат. Бирок бул ресурстарды иштетүү үчүн ири инвестициялар талап кылынат, анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн азырынча аларды өз алдынча иштетүүгө дарамети жетишсиз.

Ошентсе да, эксперттер Европанын Борбор Азияны жөн гана чийки зат базасы катары кароосун токтотушу керек экенин белгилешет. Бүгүнкү күндө Борбор Азия стратегиясын аныктаган, динамикалуу өнүгүп жаткан регионго айланып бара жатат. Чек ара маселелери чечилип, мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык келишимдери бекемделди.

Жыйынтыгында, стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен декларацияга жана маанилүү минералдык ресурстар чөйрөсүндө кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Бул саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн негизги кызыкчылыгы – экономикага басым жасалды. Экономикалык кызматташтык башка тармактардагы өнүгүүгө да түрткү болот. Ушул себептен эксперттер «Борбор Азия+ Европа биримдиги» саммитин конструктивдүү диалогго жана кызматташуунун жаңы механизмдерин иштеп чыгууга жасалган маанилүү кадам катары баалашууда.