Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Европа комиссиясынын өкүлү Анна-Кайса Итконен Брюссель убактысы боюнча 9-июнда саат 12:00дө Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" чыгарылгандыгын расмий түрдө жарыялады.

"Кечээ Европа комиссиясы ушул жылы 20 жылдыгын белгилеп жаткан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинин 48-жаңыртылган вариантын жарыялады. Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук тизмеси жүргүнчүлөргө эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп бербегендиктен Евробиримдиктин аймагында учууга тыюу салынган авиакомпаниялар жөнүндө маалымдап турат. Бул жолку жаңыртуудан кийин Кыргызстанда тастыкталган бардык авиаташуучулар аталган тизмеден чыгарылды", - деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Европа биримдигине каттамдарды аткарууга тыюу салынган авиаташуучулардын тизмесинен чыгарылды. Европа комиссиясынын Мобилүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын билдирүүсүндө, Кыргызстанда тастыкталган бардык авиаташуучулар ЕБге учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылгандыгы маалымдалат. Бул чечим ЕБдин Учуулардын коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майында өткөн отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган жана Европа комиссиясынын тиешелүү регламенти менен таризделет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери катталып келген. Мындай чечим учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана өлкөнүн жарандык авиация тутумун реформалоо боюнча көп жылдык иштердин натыйжасы болду. Кыргызстандын Евробиримдиктин авиациялык "кара тизмесинен" чыгарылышы өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя болуп саналат.