ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

Экономика 1152 24 Январь 2025 11:04
1731924195.original.jpg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 12.00.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 12.00.01.jpeg
Алдыга
Артка
1731924195.original.jpg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 12.00.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 12.00.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. 2024-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды.

Статистика комитетинен билдиришкендей, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,9 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын жана алкоголсуз суусундуктардын (1,5 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды.

2024-жылдын декабрында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (9,5 пайыз) Россияда  катталып, негизинен азык-түлүк товарларына баа эң көп өскөн (11,1 пайызга).