Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты.
Тар чөйрөдөгү жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын расмий учурашуусу болду.
Андан соң тар курамдагы жыйында бир катар маселелер анын ичинде, 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиянын ишке ашыруунун акыркы жылындагы аткарылган иштер, биримдиктин экономикалык процесстерин 2030-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндөгү декларацияда каралган айрым иш-чаралар талкууланды.