ЕАЭБ менен соода: Бишкекте товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин жакшыртуу талкууланды

Министрлер кабинети 26 Сентябрь 2025 11:35
68d556c6aa598-thumb.jpeg
68d556c6a498d-thumb.jpeg
68d556c7a03cd-thumb.jpeg
68d556c7ca16b-thumb.jpeg
68d556c9098f7-thumb.jpeg
68d556c863869-thumb.jpeg
68d556ca02be4-thumb.jpeg
68d556ca96a4e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68d556c6aa598-thumb.jpeg
68d556c6a498d-thumb.jpeg
68d556c7a03cd-thumb.jpeg
68d556c7ca16b-thumb.jpeg
68d556c9098f7-thumb.jpeg
68d556c863869-thumb.jpeg
68d556ca02be4-thumb.jpeg
68d556ca96a4e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Ынтымак Ордодо Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну талкуулаган жыйын болуп өттү.

Жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчили алдында өттү.

Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуунун эффективдүү санариптик механизмдерин ишке ашыруунун, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин күчөтүүнүн, ошондой эле мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү жоготууга шарт түзгөн маселелерди жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын координациялоону президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жүргүзөт.