Касымалиев Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Мин атындагы Мемориалдык комплекске барды

Министрлер кабинети 2464 07 Март 2025 12:35
67ca8a5fb3536-thumb.jpeg
67ca8a612a736-thumb.jpeg
67ca8b7204e48-thumb.jpeg
67ca8be6ab396-thumb.jpeg
67ca8bf87e4b3-thumb.jpeg
67ca8c8d711e3-thumb.jpeg
67ca8c92260a3-thumb.jpeg
67ca8ca0e5420-thumb.jpeg
67ca8ca816fc2-thumb.jpeg
67ca8cb3b1518-thumb.jpeg
67ca8cb66e123-thumb.jpeg
67ca8ccb37d7a-thumb.jpeg
67ca8ccc19677-thumb.jpeg
67ca8cdd5aafe-thumb.jpeg
67ca8ce93692a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ca8a5fb3536-thumb.jpeg
67ca8a612a736-thumb.jpeg
67ca8b7204e48-thumb.jpeg
67ca8be6ab396-thumb.jpeg
67ca8bf87e4b3-thumb.jpeg
67ca8c8d711e3-thumb.jpeg
67ca8c92260a3-thumb.jpeg
67ca8ca0e5420-thumb.jpeg
67ca8ca816fc2-thumb.jpeg
67ca8cb3b1518-thumb.jpeg
67ca8cb66e123-thumb.jpeg
67ca8ccb37d7a-thumb.jpeg
67ca8ccc19677-thumb.jpeg
67ca8cdd5aafe-thumb.jpeg
67ca8ce93692a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий визитинин алкагында өлкөнүн премьер-министри Фам Минь Тинь менен бирге президенттик сарайдын аймагында жайгашкан Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Мин атындагы Мемориалдык комплекске барышты. 

Тактап айтканда, өкмөт башчылары 1958-жылдын майынан 1969-жылдын августуна чейин өзү жашаган жана иштеген Хо Ши Миндин үйү менен таанышты. 

Үй-музейге баруу минкаб башчысы Адылбек Касымалиевдин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган расмий сапарынын маданий программасынын бир бөлүгү болуп калды.

Мемориалдык комплексти зыярат кылуу Вьетнамдын тарыхый мурасын жана Хо Ши Миндин өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөштөгү көрүнүктүү ролун урматтоонун символу болуп калды. 

Өкмөт башчыларын улуттук лидердин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган экспонаттар менен тааныштырышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев комплекстин ардактуу меймандары китебине жазуу калтырды.