Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык байланыштары талкууланды

Министрлер кабинети 05 Сентябрь 2025 17:19
68bac2221c748.jpg
68bac22257c9d.jpg
68bac2224a8a8.jpg
68bac22248e61.jpg
Алдыга
Артка
68bac2221c748.jpg
68bac22257c9d.jpg
68bac2224a8a8.jpg
68bac22248e61.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Тажикстандын Душанбе шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 107-жыйынына катышты.

Тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйында КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Анда негизинен 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого бурулуп, соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча практикалык кадамдарга басым жасоо менен негизги экономикалык күн тартиби боюнча пикирлер макулдашылды.

Отурумдун жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин практикалык кызматташуусун бекемдөөгө жана өз ара сооданын өсүшү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Экономикалык кеңештин бир катар чечимдерине кол коюлду.